Башкалаа Багдаддын боборунда миналанган автоунаа аскерий күзөттүн жанында жардырылган. Андан америкалык үч аскер мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. Ал эми ирактык эки тургун Багдаддагы башка бир жардыруудан мерт болушту. "Ал-Каида" уюмуна таандык делген интернет баракачалардын биринде кечээ Ирактагы террорчулардын башчысы деп эсептелген, теги иорданиялык согушкер Абу Муса ал-Заракауи жаракат алган деген маалымат тарады. Бирок кабардын чын –төгүнү башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.