Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

АКШ Өзбекстанды Андижандагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө кайрадан чакырды


Вашингтондогу маалымат жыйынында Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер ошондой эле Өзбекстанда азыр укук коргоочулар камакка алынып жатканына тынчыздануу билдирди:

-Биз өкмөт укук коргоочу активисттерди негизсиз эле камоо жана коркутуу аркылуу ооздуктоого аракеттенип жатканына тынчызданабыз. Биз мурдагыдай эле болгон окуя тууралуу туура малымат үчүн сөз эркиндиги керек деп эсептейбиз жана чындыкты орнотуу , элге жардам көргөзүү үчүн ал аймактарга журналисттер, БУУнун мекемелери менен гуманитардык уюмдардын кызматкерлери баруусуна жол берүүгө чакырабыз.
Ричард Баучер белгилегендей, камалган активисттер ишенимдүү далилдер болгонго чейин абактан чыгарылыш керек. Камалгандардын арасында белгилүү укук коргоочу Саиджахон Зайнабитдинов да бар. Өзбек бийликтерин анын бошотууга "Хьюман Райтс Уочт" уюму да үндөдү. Баучердин айтымында, Вашингтон болсо Өзбекстандагы жагдайды НАТО, Евробиримдик, ЕККУ уюмдарынын өкүлдөрү менен талкуулоодо. Расмий Ташкенди көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө кечээ НАТО уюму да чакырды. Мурдарак ушундай эле мүнөздөгү билдирүүнү Евробиримдик, ЕККУ уюмдары да жасаган.

Ал эми Ташкендин өзүнөн түшкөн кабарларга караганда, Андижанда топтолоңду уюштурууга катышы бар деген шек менен 97 адам кармалган. Облустун прокурору Баходир Декхановдун айтымында, учурда алардын 52си камакта.

XS
SM
MD
LG