Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Т. Айтбаев Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолукту


БИШКЕК. Өлкөнүн чек ара кызматынын жобосуна жана структуралык түзүмүнө ушул жылдын 10-октябрына карата өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу 25-майда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтбаевдин чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуусунда айтылды. Буга чейин, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен, чек ара кызматы улуттук коопсуздук кызматынын карамагындагы чек ара аскерлерине айланган. Айтбаев белгилегендей, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы айрым участкаларды коргоо ал жерлерде аскерлердин болушун талап кылат. Анын маалыматына караганда, мамлекеттик чек араны коргоо боюнча чек ара аскерлеринин кызматы жайкы мезгилде мурдатан түзүлгөн пландарга ылайык жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG