Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

А. Акаевдин адвокаты: «Акаев шайлоого чейин Кыргызстанга келбейт»


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев июль айындагы президенттик шайлоого чейин Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу Акаевдин Москвадагы адвокаты Максим Максимович 25-майда «Азаттыктын» кабарчысына билдирди:

- Шайлоого чейин Аскар Акаев бул жерге келбейт. Ал Кыргызстандын атуулумун деп эсептейт. Анын Кыргызстандын атуулдугунан баш тартып, кайсы бир башка өлкөдөн саясий башпаанек сурайын деген ниети жок. Акаев белгилүү бир убакыттан кийин Кыргызстанга келүүнү көздөөдө.

Аскар Акаев учурда «Өткөөл экономика физиктин көз карашы менен» аттуу китебинин экинчи бөлүгүн жазып жатат жана ал китебин күзгө жакын аякташы күтүлүүдө. Адвокат билдиргендей Майрам Акаева буга чейин жетектеп келген «Мээрим» фондуна мамлекеттик бюджеттен 22 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми бул каражат кандай иштерге жумшалгандыгы тууралуу москвалык адвокат 27-майда «АКИпресс» агенттигинде өтө турган пресс-конференцияда айтып бермекчи. Анын айтымында, «Мээрим» фонду иш жүзүндө кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG