Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:58

Мадридде автомашинага орнотулган бомба жарылып, андан бир киши жеңил жарадар болду


Маалыматтарга караганда, Баск сепаратисттеринин "Гара" деген гезитине ЕТА куралдуу тобунун кишилери телефон чалып, жардыруу жөнүндө алдын ала эскертишкен. Ошон үчүн полиция ал чөлкөмдөн элди эвакуациялаганга үлгүргөн.
Окуя Испан парламенти өкмөткө аталган козголоңчул куралдуу топ менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоого уруксат бергенден 8 күндөн кийин болуп олтурат. Сүйлөшүүлөр куралдуу топ куралдарын таштап, зордукчул аракеттерден баш тартканда гана башталмак.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Баян Жумакадыр кызы даярдады

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG