25-майда чыккан «МСН» гезити алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу жазды. Анда макаланын автору Вячеслав Темирбаев Кыргызстандагы акыркы окуялардын эң негизгиси жана маанилүүсү Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун бириккени болду дейт. Ошону менен бирге шайлоо алдында козутуу да жок болду. Анткени жеңишке ээ боло турган талапкердин аты белгилүү болуп калды, деп жазат автор.
Макала президенттер, премьер-министрлер, саясатчылар келип кетишет, ал эми Кыргызстан, эл ар дайым кала берет. Ошондуктан президент өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, элдин кызыкчылыгы үчүн да иш алып барыш керек, деген сөздөр менен жыйынтыкталат.
Ушул эле гезит Анжияндагы кырдаал тууралуу макалага орун берди. Анда автор Александр Ким азыркы тапта Анжиянда кырдаал турукташып калганын айтты. Макалада белгиленгендей качкындар лагеринде жайгашкан өзбекстандыктар убактылуу 10 күндүк күбөлүк алышты, бирок 28-майдан кийин кырдаал курчуп кетиши мүмкүн, анткени ушу күнгө чейин Кыргызстандын бийлиги Анжияндан качып келгендерге өлкө аймагында жайгашууга уруксат берген. Ошондой эле макалада Кыргызстандын көпчүлүк бейөкмөт уюмдары Анжияндан качып келгендерди кайра Өзбекстанга жөнөтүүнү колдобой тургандыгы айтылат.
Анжияндагы окуялар тууралуу 25-майда чыккан “Республика” гезити да жазды. Анда макаланын автору, саясат таануучу Атай Мекенов Анжияндагы толкундоордун келип чыгышынын себептери жана бул окуялардан кийин Өзбекстандын келечеги өзгөрөбү деген суроонун айланасында ой жүгүрттү.
Автордун пикири боюнча, Өзбекстанда революция болбойт, жаңы президент болот: “Украинадагыдай жана Кыргызстандагыдай ыңкылап Өзбекстанда болбойт, анткени АКШ Ислам Каримовго альтернативдүү жолду сунуш кылат. Ал сунушка ылайык Ислам Каримов президенттикке талапкерлигин койбойт, муну менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Кыргызстандын президентинен айырмаланып өзүнүн “жүзүн” жана капиталын сактап калат”, - деп жазат автор.
21-май күнү Кыргызстан элдик кыймылынын экинчи курултайы өтүп, ага президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышты. Бул тууралуу 25-майда “Республика” гезити жазды. Макалада Кыргызстан элдик кыймылы кантип түзүлгөнү, курултайдын өтүшү тууралуу сөз болду.
Жакында Кыргызстанга саясат таануу жана эл аралык мамилелер тармагы боюнча Орусиялык окумуштуулардын тобу келип кеткен. Алардын бири - Виталий Наумкин “Вечерний Бишкек”гезитине Кыргызстандагы саясат тууралуу өзүнүн көз карашы менен бөлүшкөн.
Ал эми “Заман Кыргызстан” апталыгы 27-майда чыгуучу санына коомдук ишмер жана дипломат Муратбек Иманалиев менен болгон маекти басууда. Кабарчы М.Иманалиевге март ыңкылабы, учурдагы өлкөнүн абалы, алдыдагы саясий окуялар, экс-президент жана Коституциялык кеңешме туурасында бир нече суроо узаткан.