Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Женева шаарында Иран менен Европа өлкөлөрү ортосунда сүйлөшүү болуп өттү


Женева шаарында кечээ күнү Иран өкүлдөрү менен Алмания, Британия жана Франциянын тышкы иштер министирлеринин жыйыны аяктады, алар Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселени талкуулап, июлдун аягында же августтун башында абалдан кантип чыгуу жөнүндө план иштеп бүтүүгө макулдашты. Ирандын өкүлү Хасан Роханинин айтымында, маселе оң чечилээрине ал ишенет:

"Бүгүнкү талкуу көрсөткөндөй, биз ишенебиз, жакын арада жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат", - деди Ирактын өкүлү.
Жолугушуу алдында болсо үч европалык мамлекеттин өкүлдөрү - алар АКШнын сунушун карап, Иран маселесин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюшу мүмкүн деп да билдирген.

XS
SM
MD
LG