ЖАЛАЛАБАТ. Алар кайрылууну БУУнун Баш катчысына жана БУУ нун Кыргызстан менен Өзбекстандагы миссия жетекчилерине жолдошту. Кайрылууда президент Ислам Каримовдун адам укугун кескин бузуп жаткандыгы жана демократияга жамынуу менен өз элине баскынчылык менен ок аткандыгы айтылган. Өзбекстанда калган бир туугандары үчүн тынчсыздануу менен өздөрүн саясий качкын аташкан адамдар Баш катчы Кофи Аннандан Бириккен Улуттар Уюмунун калкалоосуна алып, коопсуздугун сактоону, Өзбекстандагы саясий кырдаалды иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүүнү жана карапайым эл менен сүйлөшкөндөн кийин Ислам Каримовдун жүргүзгөн саясаты жана жасаган аракеттерине мүмкүнчүлүктүн жетишинче баа берүүнү жана анын Өзбекстан жарандарын эзүүсүн чектөөгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүшкөн