Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Кыргызстандагы системалар региондогу коопсуздукту сактаганга кудуреттүү


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев муктаждык пайда болгон шартта Жамааттык Коопсуздук келишим жана Шанхай кызматташтык уюмдарынын алкагында Ош шаарында аскерий база түзүлүшүн жокко чыгарбайт. Бакиевдин интервьюсунун негизинде «Коммерсант» гезити 26-майда ушинтип жазды. Ал эми Президенттин пресс-катчысы Авазбек Атаханов «Азаттыкка» берген интервьюсунда бул пикирди мындайча чечмеледи:

- Кошмо Штаттардын коргоо министри Рамсфельд мырза келгенде бул маселе журналисттер тарабынан да козголгон. Курманбек Бакиев бул боюнча так айтып кеткен: бүгүнкү күндөгү аскердик-саясий жана коопсуздук системалар региондогу коопсуздукту сактаганга кудуреттүү жана дагы бир аскердик же болбосо башка базалар ачылыш зарылчылыгы жок деп.

Ошко Орусиялык аскерий база жайгаштыруу тууралуу божомолдор буга чейин бир катар маалымат каражаттарында айтылып келген. Ушул эле күнү Орусиянын тышкы иштер миинстрлиги бул маселе боюнча кыргыз тараптан эч кандай сунуш түшпөгөнүн билдирди. Учурда Кыргызстандын Кант аба майданында Орусия баштаган, ал эми «Манас» аба майданында АКШ баштаган мамлекеттердин аба-аскерий күчтөрү жайгашып турат.

XS
SM
MD
LG