Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Жаңы бийлик Кубанычбек Апастан коркобу?


БИШКЕК. Президенттикке талапкер Кубанычбек Апас 26-майда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп,“Кыргызстандын жаңы бийлиги күчтүү саясий атаандаштан коркуп, менин президенттик шайлоого талапкер катары катышуума тоскоол болууда”,-деп билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы 25-майдагы отурумунда Кубанычбек Апастын президенттик шайлоого катышуу үчүн берген арызын караган. Талкуу учурунда Кубанычбек Апастын Орусиянын атуулу экендиги жана соңку бир нече жылдан бери Орусияда жашап иштегендиги айтылды. Ага карабай БШК мүчөлөрү Кубанычбек Апастын арызын кабыл алышып, жакынкы убакта Кубанычбек Апас өзүнүн Кыргызстандын атуулу экендигин далилдеп берсин деген чечим кабыл алышкан. БШКнын мындай чечимин Кубанычбек Апас аткаруу бийлигинин анын шайлоого катышуусуна тоскоолдугу катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG