БИШКЕК. Бул тууралуу 26-майда өткөн маалымат жыйынында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Адам укугу жана демократиялык институттар бюросунун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы Любомир Копай билдирди. Анын айтымында, кыска мөөнөттүү байкоочулар уюмга мүчө 21 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турат. Учурда Бишкекте 15 эксперт иштеп жатат. Дагы кошумча узак мөөнөттүү байкоочулар бир-эки күн аралыгында келип, 29-майда региондорго тарашат. Парламенттик шайлоодо бул уюм 175 кыска мөөнөттү байкоочу даярдаган.