Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Президенттин милдетин аткаруучу парламент таратылбай тургандыгын жарыялады


БИШКЕК. 2005-жылы шайланган бир палаталуу Жогорку Кеңеш таратылбайт. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин мындай билдирүүсүн мамлекет башчынын Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев палатанын 26-майдагы отурумунда депутаттарга окуп берди. Президенттин өкүлүнүн айтымында, аткаруу бийлиги жакында болуучу президенттик шайлоону адилеттүү өткөрүүгө аракет кылууга бардык мүмкүнчүлүктү жумшайт. Ошондой эле Данияр Нарынбаев президенттин милдетин аткаруучу Жогорку Кеңеш депутаттарын жана коомчулукту Конституциялык реформанын долбоорун шашпай, кылдат иштеп чыгууга үндөй тургандыгын билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG