Москванын түштүк-батышындагы «Чагино» электростанциясында болгон авария кийинчерээк бир катар электр түйүндөрүнүн иштен чыгышын шарттады. Натыйжада шаршемби күнү борбор калаанын эки миллионго жакын калкы электр жарыгыз калды.
Электр станциясындагы авариядан Москва эле эмес, ага жакын Тульск жана Калужск облусттары да жапа тартышты. Эң коркунучтуусу – бир канча ооруканалар да жарыксыз калышты. Анткен менен олуттуу жапа тарткандар болбогондугу айтылып жатат.
Орусиянын президенти Владимир Путин шаардыктардын жарыксыз, транспорт каттамдарысыз калышына РАО ЕЭС компаниясын күнөөлөдү.
- Электр станциясындагы кырсык техникалык жетишсиздиктен келип чыккандай көрүнөт, бирок менимче, биз РАО ЕЭС компаниясынын күнүмдүк ишине жетишсиз жоопкерчилик менен мамиле кылып жатышы тууралуу айтсак болчудай. Энергия жаатындагы глобалдык проблемалар менен алектене бербей, өзүнүн жеке милдеттерин да унутта калтырбашы керек эле. Станция 1962-жылы курулган, албетте, кырсык анын эскилигинен да келип чыккан болушу мүмкүн, бирок аны өз убактысында калыбына келтирүү зарыл болчу.
Өз кезегинде, РАО ЕЭСтин башчысы Анатолий Чубайс президенттин сөздөрүн туура кабыл алганын, анткени өз күнөөсүн мойнуна алаарын айтты.
- Мен, албетте, президенттин баасын уктум жана мында эки тараптуу ой болушу мүмкүн эмес. Бул авария – Орусиянын энергосистемасындагы кырсык. Өз учурунда, өлкөнүн энергосистемасынын ишине мен жоопкердикти алам. Мен бул окуя үчүн күнөөнү эч кимге таккым келбейт. Ушул тапка карата башкы милдет – элге эртерээк электр энергиясын берүү. Мунун үстүнөн азыр 10 миңдеген адамдар иштеп жатышат. Азыр ушул маселени чечишибиз керек, калгандары кийин боло берет.
Орусиянын Башкы прокуратурасы да бул убакытты көп күткөн жок. Шаршембиде прокуратуранын өкүлү Наталия Вешнякова Анатолий Чубайс «ишке кайдыгер карагандыгы үчүн» ага каршы кылмыш иши козголгонун маалымдады:
- Айтмакчы, РАОЕЭСтин жетекчилеринин бири, Анатолий Чубайс, мында өзүнүн күнөөсүн четке какпады жана бул үчүн жоопкердикти мойнуна алаарын айтты. Ал азыр электр энергиясын калыбына келтирүү иштери менен жүргөндүгүн, колу бошобой жатканын түшүнөбүз, бирок иш бүтүшү менен ал прокуратурага суракка чакырылат.
Ал эми бейшемби күнү түштөн кийин Анатолий Чубайсты Башкы прокуратурага суракка чакырышты.
Шаршембидеги «электрошоктун» кесепети канча чыгымга турганы азырынча белгисиз. Башкы проблема электр жарыгы жана метро каттамдарынын иштебей калышынан пайда болду. Жер үстүндө жүрүүчү транспорттун ичинде троллейбустар иштен чыкса, атайын автобустар менен таксисттер, мезгилден пайдаланып, баасын бир канча эсеге жогорулатып алышты.
Бейшемби күнү түштөн кийин Москвада жашоо демейдеги нугуна түшүп, метро станциялары кадимкидей иштей башташты. Бирок дагы 20 үйдө электр жарыгы калыбына келе электиги айтылып жатат.