Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Укук коргоочу ачкачылык жарыялады


БИШКЕК. Сегиз күндөн бери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу абагында кармалып жаткан Таалай Көчкөновду бошотуу талабы менен 27-майдан тарта ачкачылык жарыялаганын «Кылым шамы» адам укугун коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова ушул эле күнү билдирди. “Көчкөновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча прокуратура тарабынан санкция берилгенине карабай тергөөчү Эрик Сыдыков аны аткарбай жатат.Мына ушундай шартта 2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен ачкачылык жарыялаган элек. Адам укугун коргоо уюмдары үчүн бардык атуулдардын укуктары бирдей болуш керек. Ошондуктан Биринчи май райондук прокуратурасынын имаратында Көчкөновду бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын баштадым”,-деп белгиледи Азиза Абдрасулова. Мындан сырткары ал Көчкөнов өтө сабалгандыктан тергөөчү Эрик Сыдыков анын денесиндеги көгалалардын кетишин күтүп, бошотпой жатат деген пикирин да кошумчалады. Таалай Көчкөнов жер басып алуу фактысына байланыштуу милиция тарабынан кармалган.

XS
SM
MD
LG