БИШКЕК. 10-июлдагы президенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн БУУнун Өнүгүү программасы 1 миллион долларлык жардам берет. Бул тууралуу БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович билдирди. Анын айтымында, каражат шайлоого 3 багытта даярдык көрүүгө, атап айтканда, шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, шайлоочулардын укугу менен жоопкерчилигин жогорулатуу жана жарандык коом менен маалымат каражаттарын колдоого жумшалат. Бул үч багытта шайлоочулар үчүн көптөгөн маалымат каражаттары чыгарылып, шайлоочулар жана шайлоо комиссиялары арасында окуу-тренингдер өткөрүлөт.