БИШКЕК. 27-майда өкмөт үйүндө вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасынын атайын өкүлү Алоиз Петерле менен жолугушту. Анда президенттик шайлоого даярдык жана өзбек качкындарына байланыштуу маселе талкууланды. Мадумаровдун пикиринде, президенттикке талапкерлердин кээ бирөөлөрүнүн 50 миң кол топтоосу күмөндүү болуп турат. Алоиз Петерле Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов ортосунда түзүлгөн келишимди колдоого алды. Өзбек качкындары маселесине токтолгон Мадумаров бир да качкын өз эркине каршы мекенине кайтарылбасын билдирип, алардын тагдыры боюнча расмий Ташкенден сунуш күтүлүп жатканын жана Кыргызстан качкындар боюнча Бириккен Улуттар уюму алдында алган милдеттенмесин толук аткараарын белгилеген.