Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:02

Акыркы жылдарда салык төлөбөгөн ишканалардын саны өскөн


БИШКЕК. Экс-президентке тиешелүү мүлктү иликтеп жаткан комиссия азыр 113 ишкананын акыркы 3 жылда канча салык төлөгөндүгүн иликтеп жатат. Бул тууралуу парламентте мамлекеттик комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов билдирди. Анын айтымында, бул ишканалардын жарымы акыркы 3-5 жылда текшерилген эмес. Алардын арасында 3 жылдан бери иштеп жаткан ««Love radio» мамлекетке эч качан салык төлөгөн эмес:

- «Love radio» эч жерде каттоодон өткөн эмес. Салык боюнча да каттоосу жок. Дегеле бул компаниянын бар экендиги эч жерде жазылбаган. Бирок, ал күндө сайрап жатат.

Данияр Үсөновдун билдирүүсү боюнча, «Алтын балалык», «Мээрим», «Мунай мырза ойл» жана «Мунай мырза ОП» деген 4 ишкана да салыктан таптакыр бошотулган. Мурда жакшы эле иштеп жүрүп, кийин үй-бүлөгө өткөн Канттагы цемент-шифер заводунун өндүрүш көлөмү 2004-жылы 30 пайызга өскөн менен салыгы 30 миллион сомго азайтылган. Бишкектеги «Берекет» соода борборунун соодасынын да көлөмү 2004-жылы 4 эсе өскөн. Бирок салыгы 3 миллион сомго азайган. Комиссия азыр мына ушундай фактыларды терең иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG