Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Акаевдин мүлкүн иликтеген комиссия төрагасы ЖКда маалымат берди


БИШКЕК. 27-майда Жогорку Кеңеште экс-президенттин үй-мүлкүн иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов комиссиянын иши тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 18-апрелде бир айлык мөөнөт менен ишке киришкен комиссия иликтей турган иштер көбөйгөндүктөн мөөнөтү 25-июнга чейин узартылды. Ал эми Акаев менен анын жакындарына таандык деп мурда жарыяланган 42 жайдын тизмесине дагы 136 объект кошулду жана Акаевдин жакындары деп эсептелген адамдардын тизмеси 31 адамга жетти. Тизменин көбөйүшүнө болсо атуулдардын комиссияга кайрылуусу жана бир ишкананы иликтегенде анын дагы башка көптөгөн ишканалар менен байланыштуу болгондугу башкы себеп болууда. Маселен, «Народный» деген дүкөндөрдүн ээси документ боюнча башка киши болгон менен аны түзгөн «Силк веу инвестмент» деген компаниянын ээси Майрам Акаеванын жакын туугандары Жамакеев менен Саркишев болгон. Натыйжада, дүкөндүн 77 пайыздык акциясы Акаевдерге тиешелүү болуп чыккан.

XS
SM
MD
LG