Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

КАЧКЫНДАР БУУнун БАШ КАТЧЫСЫНА КАЙРЫЛЫШТЫ


Сузак районунун аймагында убактылуу турган өзбекстандык качкындар Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннанга жана БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссариатына кайрылуу жолдошуп, Өзбекстандагы саясий кырдаалды иликтөөчү эл аралык комиссия түзүүнү жана укуктарын коргоону өтүнүштү. Алар качкындар жөнүндө туура эмес маалымат берилгендигине жана Өзбекстандагы элдин муктаждыктары чечилбей, укуктары корголбой жатканына, тагдырынан кабар албаган өзбек бийлигине нааразылык билдиришүүдө.

Качкындар Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннандан Өзбекстандагы саясий түзүлүшкө калыс баа берүүгө эл аралык комиссия түзүп, өзбек калкынын укугун коргоо үчүн өзбек бийлигине олуттуу таасир көрсөтүүнү өтүнүштү. Президент Ислам Каримовдун Өзбекстанга эл аралык уюмдарды киргизбей жана тынч митингге ок чыгаргандар менен Кыргызстанга качкан жарандардын тагдырына кызыкпаганына нааразы болушту.

Качкындардын бири Таваккал Хожиев качкындардын эле эмес, өзбек калкынын турмуш-абалын изилдөөнү зарыл дейт:

- Биз Бириккен Улуттар уюмунан Өзбекстанга чара көрүүсүн өтүнөбүз. Качкын болгон 540 кишиге баш калка берүү эле эмес, 27 миллион өзбек элинин абалын иликтөөнү өтүнөбүз. Президент Өзбекстанга эл аралык уюмдарды киргизбей атканына таң калам, ал жерде канчалаган адамдардын укугу тебеленүүдө. Эл аралык уюмдар Өзбекстанга таасир тийгизе албай жатышат.

Дагы бир өзбек атуулу Абдусалам Каримов кайсы бир күнү качкындар чогуусу менен Өзбекстанга барышаарын айтты:

- Бүгүнбү-эртеңби өз элибизге кайтып бараарыбыз чын. Бүткүл дүйнө карап турсун, анын арты эмне болоорун. Өзбекстанда элдин негизги проблемалары чечилүүсү керек, биз ошон үчүн кайтып барабыз. Президент бут дүйнөнү алдап жатат, алдоонун чеги болуусу керек.

Кесиби мугалим Мухаббат Режапова укугун талашканы үчүн өз жарандарын ок менен айдап чыгарган бийликтин сөзүнө башкалардын ишенгени менен макул эмес:

- Каримов эрте менен келди дешет, эмнеге жалган айтышат? Келсе, куубаса, ок атпаса, биз 11 саат жөө жүрүп, таманыбыз тешилгенче качат белек? Укугубузду коргойлу, сөзүбүздү уксун дегенибиз үчүн биздин башыбызга ушул күндү салабы? Эмнеге ошол кишинин сөзүнө ишене беришет?
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG