Ал бери дегенде он тогуз кишинин өмүрүн алды, жарадар болгондор эсеби 65тен ашат. Президент Превез Мушарраф бул ишти диний экстремисттер уюштурду деп эсептейт. Исламабадда мусулман шейиттердин ыйык жайы – имам Бари күмбөзүнө миңдеген диндарлар майрамга чогулган эле. Күбөлөрдүн көбү бомбаны жанкечти жардырганын айтышууда. Өлкөнүн маалымат министри Ахмед Рашид мунун себебин сүннүлөр менен шейиттер арасындагы араздан көрүп, полиция окуянын чоо-жайын териштирип жатканын, жарадар болгондордун көбү ооруканага жаткырылганын маалымдады.