Алардын бири кулап түшүп, аскерилерден эки киши набыт болду. Экинчи тик учма базага кайтканга үлгүрдү. Ирак өкмөтү козголоңчуларга каршы масштабдуу операция баштай турганын жарыялады. Муну америкалык командачылык кубаттап, “Ал-Каиданын” Ирактагы жетекчиси Абу Мусава аз-Заркави оор жарадар болгону тууралуу маалыматтын чын-төгүнү териштирилип жатканын кабарлашты. Генерал Картер Хэм кеп аз-Заркавиде эместигин, ал туткунга алынабы, октон опот кетеби же жарадар болобу, баары бир “Ал-Каида” Иракта тынчып калбай турганын белгиледи.