Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИН ЫСЫМЫН ТҮБӨЛҮККӨ КАЛТЫРУУ МАСЕЛЕСИ КАЙРАДАН КАРАЛЫШЫ КЕРЕК


Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин бири Абсамат Масалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу демилгеси Кыргызстандын мурунку бийлиги тарабынан четке кагылып келгендиги белгилүү. Маселен, Жогорку Кеңештин буга байланыштуу бир катар сунуш-токтомдору аткарылган эмес. Бирок элдик ыңкылаптан берки мезгилдерде деле республиканын жаңы бийлиги тарабынан бул маселе кайрадан каралбай, унутта калууда. Ага өкүнүч билдиргендер эл арасында арбын.

Абсамат Масалиевдин аңыз кепке айланган инсандык тазалыгынын бир үзүмүн анын өмүрлүк жары Кайринса Масалиева мындайча эскерди:

- Ошол өлөөр күнү да мага: “Ай байбиче, эч качан бирөөгө жамандык санабаш керек, эч качан бирөөнү капа кылбаш керек,” - деп, эмнегедир кайта-кайта айтып жатты... Бул сөзү мага өзүнчө насаат, керээз болуп калды окшойт. Абсамат - бир сотук өкмөттөн жер сураган киши эмес. Мынаб дачабызды эле айтайын. Балабыз, Исхак ошо Аламүдүндө иштеп жүргөндө бир участок алган экен. Кийин ал Ошко кеткенде баягы жеринин ташын терип жүрүп – дача кылып алдык. Бирок, Абсамат иштегенде - аябай жакшы иштечү. Өз колу менен жасаганды жакшы көрөт эле.

Аксы районунун тургуну Орункул Сатыкулов Абсамат Масалиевдин кечеки элдик ыңкылапты көрбөй кеткенине жана “Кыргызстандын баатыры” наамынын ага берилбей калгандыгына кейийт:

- Абсамат Масалиев чоң арманда кетти, ага биз да арман кылып атабыз – ушул элдик ыңкылапты көрбөй калды. Ошол эле кезде кыргыз эли үчүн жасаган опол тоодой эмгеги да бааланбады. “Элге берген куруттан бизге бербей куруткан” болду. Ага Кыргызстандын баатыры” наамын көзү тирүүсүндө берип салыш керек эле.

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири – Киев көчөсүнө Абсамат Масалиевдин ысымын ыйгаруу сунушун өткөн жылы депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши четке каккандыгы элдин эсинде. Алар бул демилгени Украинанын Кыргызстандагы элчилиги нааразылык менен кабыл алууда деген шылтоону негиз тутушкан.

Көрүнүктүү публицист Кален Сыдыкова болсо Абсамат Масалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча мындай пикирде:

- Канча жыл мамлекетти башкарган, Кыргызстандан биринчи жолу КПССтин саясий бюросунун мүчөсү болгон, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында да биринчи жолу Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Абсамат Масалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча мурунку парламент токтом кабыл алды эле – Киев көчөсүнө Масалиевдин атын берүү боюнча. Бул сунуш коомчулук тарабынан да колдоого алынган. Бирок эски бийлик ага ачык эле жолтоо болуп, койдурбай койгон. Мына эми жаңы өкмөт келди. Алардын келгенине деле үчүнчү айга кетип атат... Кечиктирбей ушул маселени чечип, элдин каалоосун канааттандырбаса болбойт... Киев көчөсүнүн атын алмаштыруу үчүн мурдагыдай Украина тараптан уруксат сурап олтурбаш керек, шермендечилик болот...

Мурунку парламенттин ошол сунуш-токтомдору туурасында экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов буларды айтып берди:

- Абсамат Масалиевдин атын түбөлүккө калтыруу боюнча эки жолу токтом кабыл алганбыз. Көп пункттары бар эле. Негизгилери, Бишкек шаарында айкелин тургузуу, Киев көчөсүнө анын атын ыйгаруу болчу. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши буга макул болбой койгондон кийин, Октябр районунун атын сураганбыз. Жаңы бийлик азырынча чамасын таба элек. Муну саясий маселеге айлантпай, тезирээк Киев көчөсүнүн атын берген оң. Район деген жоюлуп кетиши мүмкүн, а көчө түбөлүктүү калат.

Дүйшөнкул Чотонов Абсамат Масалиевге “Кыргызстандын баатыры” наамын берүү азыр да зарыл деп эсептейт:

-Көзүнүн тирүүсүндө эле ага “Кыргызстандын баатыры” наамын берүү сунушун депутаттардын 90 пайызы колдогон эле. Кол коюп беришкен баарысы. Бирок мурунку президент Аскар Акаев ошол татыктуу наамды да каратып туруп, бердирбей койгон. Эми жаңы бийлик кеч болсо да, а кишинин көзү өтүп кетсе да, ошол наамды бериши керек.

Ырас, жаңы бийликтин чечкиндүүлүгүн да мезгил көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG