Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Казакстан миң тонна дан берди


БИШКЕК. 28-майда Казакстандын өкмөтү тарабынан гуманитардык жардам иретинде Карабалтадагы “Буудай” мамлекеттик ишканасына миң тонна дан эгини тапшырылды. Аталган ишкана буудайдын жоктугунан 3 жылдан бери иштебей токтоп калган. Аны жакын арада иштетүү маселеси өкмөттө каралууда.
22-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Казакстандагы иш сапарында Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз элине жардам катарында миң тонна дан эгин жөнөтөөрүн убада кылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG