Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Жумушчу топ Башмыйзамдын долбоорун аяктады


БИШКЕК. Конституциянын долбоорун иштеп жаткан жумушчу топ 28-майда кезектеги 13-отурумунда Башмыйзамдын долбоорун иштеп бүттү. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, Башмыйзамдын долбоорун жумушчу топ 6-июнда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө сунуштайт. Кеңешмеде талаш-тартыш жараткан айрым беренелердин 2 варианты сунушталып, талкууга коюлат. Мисалы, бийликтин үч бутагын көзөмөлдөй турган Элдик курултайды баш мыйзамга киргизүү тууралуу сунуш катуу талаш-тартышты жаратууда.

Башмыйзам даяр болгондон кийин кандай кабыл алынаары тууралуу Турсунбек Акун буларга токтолду:

- Өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы иштелип жаткан Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин айрым депутаттары, кээ бир уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин отурумунда Башмыйзамды кабыл алыш керек деген пикирилерин айтууда. Мен буга каршымын. Баш мыйзам жалпы элдики. Ошондуктан жалпы элдик талкууга коюп, референдум аркылуу кабыл алыш керек деген ойду коомдук уюмдардын өкүлдөрү айтууда.

XS
SM
MD
LG