Индонезиянын Сулавеси деген аралында базарда болгон жардыруудан 22 киши набыт кетип, бери дегенде 40 киши жарадар болду. Индонезиянын бийликтери алгач чакан жардыруу болгондугун, кымгуут түшкөн эл ызы чуу болуп, эсине келе электе дагы бир, андан да чоң жарлыруу болгондугун билдиришти. Окуя калкынын көбүн христиандар түзгөн Тентана шаарында болгон. Шаардан жарылбай калган дагы бомба табылды. Полиция жардырууга Жемаа Исламия деген согушкер топтун тийешеси бар болуусу мүмкүн, деп божомолдойт.