Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

ЕВРОПА КЕҢЕШИ БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР


Замира Кожобаева, Прага Борбор Азиядагы демократияны кеңейтүү жана адам укугун коргоо жаатындагы өтө күчтүү жана Европадагы эң эски уюм — Европа кеңеши Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууга кызыкдар.Кеңештин Баш катчысы Терри Девистин айтымында, кызматташууга кызыкчылык Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө жергиликтүү авторитардык режимдин демократиянын элементтерни кысып жатканы жана ислам экстремизминин коркунучу көбөйүүдө деген шектен улам өсүп жатат.

Страсбургда түзүлгөн бул кеңеш адам укугун жана демократияны өнүктүрүүчү ар тараптуу программаларга ээ. Европа кеңешинин Баш катчысы Терри Девис “Азаттыктын» кабарчысына айткандай, 46 өлкөнүн башын бириктирген кеңеш Борбор Азия өлкөлөрү менен карым-катышты өнүктүрүүгө кызыкдар :

- Биз бул долбоорго миссионер катары эмес, Европада жана андан тышкаркы өлкөлөрдө адам укугунун сакталышына, демократиянын деңгээлин көтөрүүгө жана элди ага үндөө үчүн барып жатабыз.

Терри Девис ал эки тараптуу сүйлөшүү жолдоруна барууну каалап жаткандыгын да билдирди:

- Бул ар бирибиздин жалпы кызыкчылыгыбыз. Биз алардан үйрөнөбүз, алар бизден үйрөнөт. Кызматташуу—эки жактуу процесс экендигин баары түшүнүүсүн каалайт элем. Анткени бизде терроризмге каршы, демократияны кеңейтүү жана адам укугун коргоо сыяктуу күчтүү, жалпы кызыкчылыктарыбыз бар.

Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери менен байланышты жакшы өнүктүрүүгө аракет кылат. Буга чейин бир нече жыл мурда Казакстан менен байланыш түзүлгөн. ЕвроКеңештин парламенти ушундай эле байланышты Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн парламенттери менен да өнүктүрүүнү каалайт. Девистин айтымында, бул аймактар адам укугун чектөө, авторитардык режим сыяктуу түрдүү көйгөйлөргө ээ, бирок бул кыйынчылыктарды жеңүүгө болот:

-Борбор Азиядагы айрым бир өлкөлөрдө адам укуктарынын чектелип жатканы тууралуу сын пикирлер бар. Тилекке каршы бул чындык жана ошону менен бирге эле бийликке оппозициячыл пикирде болгон адамдарга каршы репрессиялык ыкмалар колдонулуп жаткандыгы белгилүү. Бирок мындай маселе Борбор Азиянын эле эмес, башка өлкөлөрдүн да көйгөйлүү маселеси.

Терри Девистин айтымында ал кайсы бир өлкөнү бөлүп карагысы келбейт, бирок Өзбекстандагы учурда түзүлгөн кыйын кырдаалга тынчсыздангандыгын билдирип, бул аймакта адам укугунун сакталышына бир нече жылдан бери кабатыр болуп келе жаткандыгын айтты.

Май айынын башындагы Анжиян окуясында Өзбекстандын күч органдары жүздөгөн адамдарды атып өлтүрүштү жана жүздөгөн кишилер өлкөдөн качып, коңшулаш Кыргызстанга кетүүгө аргасыз болушту. ЕвроКеңештин Баш катчысынын айтымында кызматташуунун артында жалпы кызыкчылык гана бар:

- Биз Борбор азияга эч нерсени таңуулагыбыз келбейт. Ар бир адам жалпы кызыкчылыгыбыз үчүн өз коңшуларыбыз менен жакшы мамиледе болууга, алар менен диндер аралык жана маданий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар болушу керек.

Борбор Азия өлкөлөрү ЕККУ га мүчө болуп эчак эле киришкен. Ал эми ЕвроКеңеш өзүнүн айланасын Европа менен чектеген. Башкатчынын айтымында, азырынча муну өзгөртүү же Борбор Азияны кошуу үчүн ЕвроКеңештин чегарасын кеңейтүү тууралуу сөз жок. Бирок кеңештин мүчөлөрү үчүн демократиянын негиздери жана адам укуктарынын сапаты өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG