Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

КАРООСУЗ КАЛГАН “АТА БЕЙИТ”


Совет доорундагы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондорго Аламүдүн районундагы Чоңташ айылына жакын жерде “Атабейит” мемориалдык эстелик комплекси курулганына 5 жыл болду. Репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмерлердин уул-кыздары, неберелери менен “Мекеним-Кыргызстан” жаңы муун кыймылынын өкүлдөрү жолугуп, “Атабейит” музей комплесинин оңдоп-түзөө иштерин колго алмак болушту.

«Мекеним Кыргызстан» кыймылынын жетекчилери менен жолугушууда Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошуп, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү ишмерлер Абдыкерим Сыдыковдун, Жусуп Абдрахмановдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Баялы Исакеевдин, Асанбай Жамансариевдин, Юсуп Булатовдун уул-кыздары аталарын эскерип, өздөрү да куугунтук көрүшкөнүн айтышты.

1920-жылдары Жетисуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болгон, Бүткүл кыргыздардын биринчи курултайын өткөргөн, өзүнчө Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзүугө салым кошкон Абдыкерим Сыдыковдун уулу Эрк Сыдыков «Атабейит» музей комплекси курулгандан бери кароосуз калганын, бул жерди тарыхый ыйык жайга айландыруунун зарылдыгын айтты:

- Музейдин төбөсүнөн суу агып, баалуу документтер чирип жатат. Ал тарапка каттаган автобус, туристтик маршрут жок, эч ким деле барбайт. Убада бергендер бар, аны аткарган эч ким жок. «Атабейитти» оңдоп, тарыхый ыйык жайга айландыруу зарыл. Ушул «Мекеним - Кыргызстан» кыймылы ремонт ишине жардам берсе, ал эми өкмөт ошол жакка автоунаалардын каттоосун камсыз кылып, өлкөгө келген туристтерди «Атабейитти» көргөзүү менен саякатты баштоону адатка айландырса дурус болмок. Чет өлкөлүктөр үчүн музейди 100 сомго көрсөтсөк, мектеп окуучуларына бекер көрсөтүп, улуулардын тарыхы менен тааныштырып турса дейбиз.

Кыргыз мамлекетин түптөөгө салым кошкон Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмерлердин уул- кыздарына учурда көңүл бурулбай калганын, көпчүлүгү карылыкка моюн сунуп, жардамга муктаж экенин айтып, жакында президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев «Атабейитке» барганда аларды чакырып коюшпаганына капа болгонун жашырбады:

- «Атабейитте» кыргыздардын эң мыкты уулдары жатат. 20-30- жылдары Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына биздин аталардын салымы зор болгон. Булардын баары азыркы экономиканын башаты болгон завод- фабрикаларды курган. Учурда анын бирөө да жок. Азыр ар ким менчиктеп же таланып- тонолуп жок болуп кеткен да. Мурда күнү «Атабейитке» Курманбек Бакиев барып келиптир. Ошондо бизди чакырып койсо болот эле да. Аталарыбызды эскерип, гүл коюп келет элек. Аталарыбыздын эмгегин жаштарга тааныштырып турса дурус болоор эле.

Кыргыз мамлекетин түзүүдө салым кошкон инсандардын эмгегин унутууга болбостугун, «Атабейит» музей комплекси жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо ролу зор экенин, бул фонддун демилесин колдоого алышаарын «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын координатору Сагын Исмаилова белгиледи:

- Жолугушууга келген сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмерлердин уул- кыздары, неберелери биздин кыймылдын программасы, максаттары менен үндөш болгонун айтып, экономиканы, улуттук идеологияны көтөрүүдө өздөрүнүн сунуш- пикирлерин да ортого салышты. Өткөн тарыхыбызды билбей туруп, келечекке кадам шилтөө опурталдуу болот. Ошондуктан тарыхый мурастарга өзгөчө көңүл буруп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG