Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Азия чемпионатында кыргызстандык улан коло медалга татыды


26-майдан бери Кытайдын Ухан шаарында эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын күч сынашуулары өтүп жатат. Мында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 6 балбандан 84 кг. салмактагы кыргызстандык эл аралык спорт чебери Руслан Суменков финалга чейин жетип, Азия чемпионатынын коло медалдын тагынды. Тилекке каршы жаңы паспорт алууга үлгүрбөй калган жаштар арасында дүйнө чемпиону, 14- Азия оюндарынын коло байге ээси, Афина олимпиадасынын катышуучусу Надырбек уулу Улан Азия чемпионатына катышпай калды. Ошондой эле кыз-келиндердин эркин күрөш таймашында Азия чемпионатынын бир нече ирет жеңүүчүсү Янна Панова да финалдык топко кошулду.

XS
SM
MD
LG