Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Президенттикке талапкерлер үчүн кол топтолууда


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү комиссиясы президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Курманбек Бакиев менен Жыпар Жекшеев үчүн облустун шаар райондорунун шайлоочуларынан топтолгон кол коюуулар текшерүүгө киришти. Бул тууралуу билдирген шайлоо комиссиянын башчысы Нурмат Ашымовдон алынган маалыматка караганда, Курманбек Бакиевдин облустагы шайлоо штабы 45721 шайлоочунун, ал эми Жыпар Жекшеевдин жактоочулары 1946 шайлоочунун колун даярдап, тапшырышкан. Облуста президенттик шайлоого карата даярдыктар көрүлүп, участкалык шайлоо комиссиялардын аймактары аныкталып бүттү. Жапан өкмөтү шайлоочулардын тизмеси илинүүчү көргөзмө такта үчүн атайын грант бөлгөн жатат. Шайлоочулардын тизмелери такталууда бирок бул ишке жергиликтүү бийлик жоопкерчилик мамиле жасоодо. Сузакта үч участкалык комиссиянын мөөрү жоголгон.

XS
SM
MD
LG