Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Т. Касымов үйүн мамлекеттик казынага кайтарды


БИШКЕК. Аскар Акаевдин тушундагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров жекшембиде “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Баш прокурордун айтымында, айрым мамлекеттик чиновниктер мамлекеттик казынага каражатты кайтарып бергендиктен алардын иши сотко жеткирбей жабылууда:

- Осмонакун Ибраимовичти күнөөлөгөндүк эмес. Ал киши өзү башкарган бир долбоордо мамлекеттик каражат жоголуп кеткен. Ал киши ал акчаны казынага кайтарып берди. Тойчубек Касымов мырза губернатор кезинде бир үйдү менчиктештирип алган экен. Азыр анын акчасын бюджетке кайтарып атат.

Баш прокурордун айтымында, айрым мамлекеттик кызматкерлер 24- марттагы окуяларга жана талап- тоноочулукка байланыштуу сурак берип жүрүшөт. Бирок Азимбек Бекназаров кылмыш иши козголгон жана суралып аткан адамдар жөнүндө тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG