Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

С. Иманбаев БШКнын отставкасына каршы


БИШКЕК.Борбордук шайлоо комиссиясын отставкага кетирүү азыркы күндүн талабына жана алдыдагы шайлоонун кызыкчылыгына туура келбейт. Мындай пикирин БШКнын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Башкы прокуратура 19- майда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүн отставкага кетирүүнү өтүнгөн. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдиргенге караганда, БШКнын айрым кызматкерлерине парламенттик шайлоо өнөктүгү убагындагы иштерге байланыштуу шалаакылык деген берене боюнча кылмыш иши козголууда, балким БШКнын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевге да кылмыш иши козголуп калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG