Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

К. Бакиев ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөйт


БИШКЕК. Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Венага жекшембиде жөнөп кетти. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Туруктуу кеңешинин Кыргызстандагы соңку окуяларга арналган атайын жыйынында сөз сүйлөйт. Президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов билдиргенге караганда, ЕККУнун бул жыйыны Кыргызстандагы ыңкылапка жана өлкөдөгү бүгүнкү саясий- экономикалык кырдаалга арналмакчы. Курманбек Бакиев ЕККУнун Баш катчысы Ян Кубиш, ЕККУнун аткаруучу директору Словениянын Тышкы иштер министри Дмитрий Рупел, Австриянын федералдык канцлери Вольфганг Шюссел, БУУнун Башкы катчысынын орун басары Антонио Марио Ксто менен жолугушаары күтүлүүдө. Кыргызстандын делегациясы Австриядан 31- майда кайтып келет.

XS
SM
MD
LG