Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Жогорку соттогу жагдайды комиссия териштирип бүтө элек


БИШКЕК. Жогорку соттогу жагдайды териштүү максатындагы комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу 30-майда Жогорку сотто нааразылык билдирген шайлоочулардын өкүлдөрү билдиришти. Бул комиссия 27-майда түзүлгөн жана анын курамында Жогорку соттун коллегиясынын өкүлдөру бар. Нааразы тараптын билдиргенине караганда, комиссия маселени калыс чечип, жагдайды жөнгө салууну убада кылып жатат. Жогорку соттун имаратын 22-апрелден бери №59-Чүй шайлоо округунан экс-талапкер Туратбек Андашевдин жана № 21-Токтогул шайлоо округунан экс-талапкер Токтосун Мадияровдун шайлоочулар тобу ээлеп турушат. Бул эки округдан Айдарбек Керимкулов менен Тайырбек Сарпашев Жогорку Кеңештин депутаты катары таанылышкан.

XS
SM
MD
LG