БИШКЕК. Жапон өкмөтү шайлоо участоктордо шайлоочулардын тизмесин илүүчү такта даярдап бермей болду. Бул маселе 30-майда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова менен Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Таухико Касаинин жолугушуусунда талкууланды. Буга чейин Жапон өкмөтү Борбордук шайлоо комиссиясына гранттык жардам иретинде 350 миң доллар каражат бөлгөн. Ишенгүл Болжурова Таукихо Касаи менен болгон жолугушууда президенттик шайлоону материалдык-техникалык жабдуу иштеринде белгиленген каражат мыйзам чегинде пайдаланыларын баса белгиледи. Шайлоо комиссиясы менен болгон макулдашууга ылайык Жапониянын грантына 3743 такта даярдалмакчы.