Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:42

Кабулдагы жарылуудан жети адам жаракат алды


Жергиликтүү полиция өкүлүнүн билдиргенине караганда, бомба жолдо калтырылган велосипедге чырмаштырылган экен. Ал НАТОнун аскерлерин салган автоунаа өтөр замат жарылып олтурат. Бул окуядан бир нече саат алдыда эле НАТОнун эл аралык күчтөрүнүн Кабулдагы штаб квартирасына ракета атылып, бирок эч ким жабыр тарткан эмес. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашкандай, талиб согушкерлеринин буктурмасына кабылып, эки ооган жоокери мерт болгон. Мындан сырткары 11 жоокердин дайыны белгисиз. Мунун аралыгында Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн өкүлү март айынан бери жүргүзүлгөн операциялар учурунда Талибан менен "ал-Каиданын" 200дөй согушкери жок кылынып, 30дайы туткундалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG