Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Москва жана Тбилиси Орусиянын Грузиядагы аскерий базаларын жабууну караган билдирүү кабыл алышты


Билдирүүгө бүгүн Москвада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров жана Саломе Зурабашвилинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлду.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Грузиядагы аскерий базаларды чыгаруу 2008-жылдын соңуна карата аяктайт:

- Биротоло чыгаруу 2008- жылдын соңуна карата аяктайт. Билдирүүдө мунун этаптары конкреттүү түрдө жазылды.

Бул боюнча документке алдыда эки өлкөнүн президенттери да кол коюшу керек. Аскерий базалар акыркы кездери эки өлкөнүн мамилесиндеги олутуу маселеге айланган болчу.

Орусиянын Грузияда эки аскерий базасы бар. Бири Батуми шаарында, экинчиси армяндар үстөмдүк кылган чөлкөмдө, Ахалкалаки деген жерде жайгашкан. Орусиянын Кавказдагы аскерлерин командачысынын орун басары, полковник Владимир Купарадзенин ИТАР –ТАСС агенттигине билдиргенине караганда, Грузиядагы базалардан жабдууларды алып кетүү быйыл августа эле башталат.

XS
SM
MD
LG