Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 05:01

Өзбекстанда оппозициячыл активисттер камакка алынууда


Өлкөдө соңку эки күндүн аралыгында оппозициячыл активисттердин бир нечеси камакка алынганын "Ассошейтед Пресс" агенттиги расмий каттоодон өтпөгөн "Бирлик" партиясынын лидери Василия Иноятовага шилтеме берип, кабарлады. Анын айтымында, бүгүн эле партиянын кеминде 20 активисти камалган. Мурдараак партиянын башка мүчөлөрү да абакка түшкөн болчу. Василия Иноятованын билдиргенине караганда, алар Анжиан окуяларына катышы бар деген шек менен камалып жатат.

XS
SM
MD
LG