Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

ТАМЕКИ ТАРТКАНДАРДЫН ТУРМУШУ КЫЙЫНДАДЫ


Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө тамеки тарткандардын жашоосу улам кыйындап баратат. Бир жагынан эл арасында тамекинин зыяны тууралуу түшүнүк кеңейип, экинчи жагынан коомдук жайларда тамеки тартууга тыйуу салган мыйзамдар кабыл алынууда.

Европа Биримдигинин ушул аптада жарыялаган тамеки тартууга каршы бүткүл европалык рекламасында кишилер тамеки тарткандын ордуна ышкырык ышкырып жатышканын көрө аласыз. Максат - Европа Биримдигинин саламаттык министри айткандай, тамеки тартуу жеңил ойлуулук экендигин көрсөтүү. Бул реклама - бүт дүйнө боюнча жүрүп жаткан тамеки тартууну кыскартуу жараянынындагы эң соңку демилгелердин бири гана.

Улам барган сайын ресторан, бар сыяктуу коомдук жайларда тамеки тартууга улам көбүрөөк тыйуу салынууда.

Марта Сейоане - Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун Тамекиден Боштондук Демилгесинин өкүлү. Анын айтымында, бүгүн көп өлкөлөрдө коомдук жайларда тамеки тартууга тыйуу салынган. ДСУнун тамеки көзөмөлү боюнча глобалдык келишими февраль айында күчүнө кирди. Анда өкмөттөргө бул жаатта колдон келген аракетин жасоого кеңеш берилет. Бирок тамеки тартууну чектөө бул келишимге чейин эле башталган. Өткөн жылы Ирландия биринчи болуп, бүт өлкө боюнча барларда тамеки тартууга тыю салды. Норвегияда, Италияда жана Жаңы Зелландияда да ушундай эле мыйзамдар бар. Өткөн декабрда Бутанда коомдук жайларда тамеки тартууга толугу менен тыйуу салынды.

Тизмени уланта берсе болот, Куба, Армения, Ооганстандын Херат провинциясы жакында тамеки тартууну чектөө боюнча чараларды көрүштү. Сеоаненин сөзү боюнча, бул чаралардан тамеки тарткандар да утат:

– Бул аракеттер тамекинин керектелишин азайтууга көмөк болот. Биз тамеки тартпагандарды гана эмес, тамеки тарткандардын өзүндөрүнө да түтүнгө чулганган зыяндуу чөйрөдөн коргогубуз келет. Тамеки тарткан адамдардын 70 пайызы тамекини таштагысы келээрин унутпасак. Эгер тамеки тартуу чектелүү болсо, аларга моралдык колдоо болот.

Арийне, бул көз карашты туура көрбөгөндөр да жетиштүү. Алардын ишениминде, тамеки тартууга тыйуу салуу - тамеки тарткандардын укугун чектөөгө жатат жана жеке адамдын турмушуна кийлигишүү болуп саналат. Тамеки тарткан Паоло Силва Белгияда жашайт. Ал эгер Белгиянын саламаттык министри көздөгөнүнө жетсе, ага тамеки тартуу укугунан баш тартууга туура келээрин эскертет:

- Эгер өкмөт элдин саламаттыгын эле ушунча ойлосо, баарына тыйуу салсын, тамекини тартууга, сатууга, баарына.

Чыгаша жагын ойлогондор да бар. Алардын бири Марие Тересе Сермес Белгияда бардын кожоюну:

- Чыгаша кудайды карабай өсөт. Бир нерсе ичкендер тамеки тарта албаса, бул акылга сыйбаган нерсе. Демек алар барга келбестен, башка жакка барышат, ошентип киреше төмөндөйт.

Бирок Европа Биримдигинин саламаттык комиссары Маркос Киприяноу мындай чочулоого негиз жок деп эсептейт:

- Барларда жана ресторандарда тамеки тартууга тыйуу салуу ашыкча кеткендик деле эмес. Ирландия же Италия сыяктуу өлкөлөрдү, АКШнын айрым штаттарын карап көрсөк, бул чаралардан жакшы жыйынтык болду. Ал жактарда барлар менен ресторандарда киши толтура, элдин саламаттыгы жакшырды, ошол эле убакта тамеки тарткан кишиге тамекисин жандыруу кыйындады.

Жыйынтыгында айта кетээрибиз, тамеки тарткандарга жашоо жашоо болбой калды деп кыжаалаттанганга али эрте. Анткени тамекиге тыйуу салынбаган өлкөлөр дүйнөдө дале бир топ бар.

XS
SM
MD
LG