Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

ЖУМУШЧУ ТОП КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН АЛГАЧКЫ ДОЛБООРУН ИШТЕП БҮТТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу саясий реформанын алгачкы долбоорун иштеп бүттү. Ага ылайык Кыргызстан келечекте президенттик-парламенттик мамлекеттик башкаруу ыкмасына өткөрүлөт. Ошондой эле өлкөдө 105 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүлөт. Жетимиш депутат партиялык тизме, калганы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланышат.

Март ынкылабынан кийин коомчулукта дароо эле соңку он беш жылдын ичинде мурдагы президент Аскар Акаев жогорку бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын өз колуна топтоп алгандыгы айтылып, Конституциялык реформа жүргүзүү демилгеси көтөрүлгөн. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш тарабынан курамы 114 адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Мына ошол Конституциялык кеңешме тарабынан түзүлгөн жумушчу топ бир нече күндөн бери Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүү, түзөтүүлөрдүн алгачкы долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык Кыргызстанда келечекте президенттик-парламенттик башкаруу ыкмасы киргизилет. Президент беш жылга бир гана мөөнөткө шайлансын деген сунуш бар. Ошондой эле өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттин ыйгарым укуктары азайтылган. Маселен, өкмөттүн курамы толугу менен премьер-министрдин демилгеси менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Ал эми президент коргонуу, коопсуздук жана тышкы саясатка жооп бере тургандыгы жазылган.

Негизинен биз менен маектешкен саясатчылардын бардыгы тең эле жогорку бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарынын жогорудагыдай бөлүштүрүлүшүнө макул экендигин билдиришти. Ошол эле мезгилде айрым саясатчылар мамлекет башчы беш жылга бир гана мөөнөткө шайланат деген эрежеге каршы болушууда:

- Мен буга каршымын. Мамлекетти башкаруу оңой эмес. Бийликке жакшы адам келсе, жаңы эле баштап эле кайрадан бийликтен кетүүгө аргасыз болот. Ошентип анын иш планы ишке ашпай калат. Анан бийликке дагы бир адам келет. Экинчиден, бийликке келген адам мен беш жылдан кийин бийликтен кетем деп, мамлекет байлыгын өз кызыкчылыгына жумшай бериши ыктымал,- дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозбек Дүйшеев.

Ушундай эле пикирге «Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов буларды кошумчалады:

-Бир канча беренелер боюча макул эмесмин. Өзгөчө бир мөөнөткө шайлансын дегенге каршымын. Бул менин оюмча мамлекеттик башкарууга туура эмес болуп калат. Беш жыл оңго басып, кийинки беш жылда солго басып калабыз. Дегеле беш жылда эч кандай мамлекеттик деңгээлдеги иш турмушка ашпайт.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев мындай пикирлерге кошулбастыгын айтып, президент бир гана мөөнөткө шайланышы туура болот деп эсептейт:

-Президент бир мөөнөткө шайланса жакшы болот. Мындай эреже киргизип койсок президент болом дегендер ойлонушат. Президент болгондон көрө парламент аркылуу бийликке келип, өкмөттү жетектейм дешет.

Конституциялык кеңешмедеги жарандык коомдун өкүлдөрү 31-майда жыйын өткөрүштү. Алар жумушчу топ иштеп чыккан долбоорду дагы бир жолу талкууга алышып, өз сунуш-пикирлерин киргизишти. Конституциялык кеңешме төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаеванын маалыматына караганда, жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын долбоору 6-июнда Конституциялык кеңешменин жалпы отурумунда талкууланат.

XS
SM
MD
LG