Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Жекшеевди президентке татыксыз дегендер бар


БИШКЕК. «КДК» партиясынын Кыргызстандын президенттигине ат салышып жаткан төрагасы Жыпар Жекшеевдин талапкерлигине «Элдик ыңкылапты коргоо» комитети каршы. Бул тууралуу 31-майда аталган комитеттин төрагасы Жумабек Сагыналиев билдирди. Анын айтымында, коомчулук президенттикке талапкер болуп жаткан саясатчылар, анын ичинде Жыпар Жекшеевдин чыныгы жүзүн билүүгө укуктуу. «Жыпар Жекшеев парламенттик шайлоо маалында Кемин шайлоо округу боюнча талапкер болгон менен атаандашы Айдар Акаевдин кызыкчылыгы үчүн иштеген, муну Жекшеевдин мыйзам бузуулар боюнча бир да акт түзбөгөндүгү айгинелейт»,-деп билдирди Жумабек Сагыналиев. Ал эми Жыпар Жекшеев мындай маалыматты аны каралоо үчүн атайын таратылган жалган ушак деп четке какты. Анын айтымында, парламенттик шайлоо учурунда өзүнүн үгүттөөчүсү болуп, бирок көзү жок жерде Айдар Акаев үчүн иштеген Такин Рысбектегин менен «КДК» партиясынан чыгарылган Жумабек Сагыналиев атайын көрсөтмө менен каралоо аракеттерин көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG