Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Кытай Кыргызстанга аскер жайгаштырабы?


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын «Хуася шибао» гезитине жарыяланган маалыматты иликтөөдө. Бул тууралуу министрликтин чыгыш башкармалыгынан кабарлашты. Гезит Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ли Цзяньчаонун «Кытай Кыргызстанда аскер жайгаштыруу маселесин өтө кылдат карап көрүш керек. Өзгөчө түштүк региондо аскер жайгаштыруу сепаратизм, терроризм жана экстремизмге каршы күрөш үчүн пайдалуу» деген сөзүн келтирген. Бул маалыматты Орусиянын «Интерфакс» агенттиги 31-майда жазып чыккан. Бирок ошол эле агенттик Кытай ал маалыматты расмий түрдө төгүнгө чыгарганын кабарлады. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 31-майдагы маалымат жыйынында, жаңы база куруу тууралуу Кыргызстандан демилге чыкпаганын жана андай маселе коюлбаганын белгилеп, өлкөнү чет өлкөлүк базаларга толтуруу кимдин оюна келди экен, деген суроону койду.

XS
SM
MD
LG