Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Өзбек бозгундарынын тагдыры жана чыр-чатактардын алдын алуу маселеси талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында айтылгандай өзбекстандык жарандарды кыргыз-өзбек чегарасынан көчүрүүгө жай изделүүдө. Алар жайгашчу аймактагы элдин кыжырдануусун жаратпоо үчүн калк ичинде бозгундарга Өзбекстандагы абал жакшыргыча убактылуу баш калка берүү жагын түшүндүрөөр комиссия түзүү, чыр-чатак чыкпоосу үчүн аларды элден ыраак кармоо, маселени эки өлкөнүн өкмөттөрү менен тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде чечүү, мезгили келгенде качкындардын өмүрүнө коркунуч келтирбөөсү үчүн өзбек бийлигинин кепилдигин алуу менен кайтарып берүү сунуштары козголду. Эл аралык толерантуулук кору иштеп чыккан жарандардын тынч митинг өткөрүү эркиндиги боюнча мыйзам долбооруна кошумчалар жасалды. Буга дейре эки аял, алты бала өз ыктыяры менен мекенине кеткенден кийин лагерде 482 өзбек жараны турат.

XS
SM
MD
LG