БИШКЕК. 1-июнда Жогорку Кеңештин “Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча” комитеттинде “2005-жылга алынып келүүчү товарларга Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзам долбооруна толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. Ошондой эле Турак жай депертаментинин “Табият кырсыктарынан жапа чеккен атуулдарга үй салуу жана сатып алуу үчүн узак мөөнөтүү ссуда берүүнү тездетүү жана кошумча 200 млн. сом каражат табуу тууралуу” сунушун аталган комитет парламенттин сессиясынын күн тартибине коюууну зарыл деп табышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.