Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы өзгөртүлүүгө тийиш


БИШКЕК. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамы жаңыланууга тийиш. Анткени, комиссияныны азыркы мүчөлөрү мыйзам бузуулар менен өткөн мурдагы президенттик, парламенттик шайлоолордо да иштеген. Мындай пикирин «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун төрагасы Эдил Байсалов 1-июнда «Хайат» мейманканасында өткөн конференцияда айтты. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси менен, саясий партиялардын, сот органдарынын, укук коргоо уюмдарынын катышуусу менен өткөн бул жыйында алдыдагы президенттик шайлоону ачык, эркин, акыйкат өткөрүү маселеси талкууланды. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов комиссия президенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү камсыз кылууга ниеттенип жактандыгын билдирди. Анын пикиринде, эгерде президенттик шайлоо учурунда административдик ресурс пайдаланыла турган болсо, өлкөдөгу туруктуулук бузулушу ыктымал. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынында Кыргызстандагы президенттик шайлоо учурунда административдик ресурс колдонбойт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG