Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

АНЖИЯНДАГЫ ОКУЯЛАРГА ИЛИКТӨӨ САЛУУНУ УЛАМ ЖАҢЫ ЭЛ АРАЛЫК УЮМ ТАЛАП КЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Анжияндагы окуялар жана өзбек бийлигинин андан кийинки саясаты эл аралык коомчулук тарабынан улам катуу сынга алынууда жана коогалаң эл аралык уюмдар тарабынан иликтенүүгө тийиш деп АКШ президенти Жорж Буш менен НАТО уюмунун Баш катчысы Яап де Хооп Схеффер дагы айтты. Өзбек жетекчилиги болсо 29-май күнү Ташкенге келген үч америкалык сенаторду кабыл албай койду.

Америкалык сенаторлор Джон Маккейн, Джон Сунуну жана Линдси Грэхэм Кыргызстанга келээрдин алдында 29-майда Өзбекстанга барган, бирок Маскөөлүк "Время новостей" гезити 31-май күнү жазганга караганда, аларды өзбек расми жетекчилеринен эч ким кабыл алган жок. Сенатор Маккейн АКШда азыр эң барктуу саясатчылардын бири жана 2008-жылы өтө турган президенттик шайлоого бийликтеги Республикалык партиянын атынан талапкер болуп көрсөтүлө тургандардын бири.

Сенаторлор Ташкенде өзбек оппозициясынын өкүлдөрү менен жолугуп, АКШ элчилигинин имаратында журналисттер үчүн жыйын өткөрдү. Маккейндин айтымында, Анжияндагы окуялар жөнүндө америкалык коом өтө кабатырланууда жана XXI-кылымда мындай саясат жүргүзбөш керек экенин президент Ислам Каримов түшүнүш керек. Эгер ал эл аралык тергөөгө уруксат бербесе, анда АКШ Ташкенге каршы катуу чара көрүшү мүмкүн.

31-май күнү Словениянын борбору Любляна шаарында өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясында уюмдун Баш катчысы Яап де Хооп Схеффер чыгып сүйлөп, Анжияндагы окуяларга эл аралык иликтөө салынууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, эгер президент Каримов ага каршы болсо, уюм Өзбекстанды НАТОнун Парламенттик ассамблеясынан чыгарып да салышы мүмкүн. Ассамблеяда атайын декларация да кабыл алынып, ага мүчө өлкөлөрдүн баарына - иликтөө башталмайынча өзбек аскерине эч кандай жардам көрсөтпөө сунуш кылынды.

Ошол эле күнү кечинде АКШ президенти Жорж Буш дагы Вашингтондон атайын билдирүү жасап, окуяларды Эл аралык кызыл чырым уюму иликтеш керек жана анын өкүлдөрүнүн Өзбекстанга келишине Ташкен уруксат берүүгө тийиш деп билдирди:

- Эл аралык кызыл чырым уюмуна кайрылып, биз аны Анжиянга барып, эмне болгонун иликтеп чыгууга чакырабыз. Уксаңар, биз өз шериктерибизден дагы, дос эместерден дагы адам укуктарын, азчылыктардын укуктарын урматоону күтөбүз. Андай саясат - азыркы тынч дүйнөнүн бир бөлүгү, андай дүйнөдө өкмөттөр элдин укугун сыйлаш керек.

Буга чейин Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө салууну Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар жана башка эл аралык уюмдар менен белгилүү саясатчылар сунуштаган, бирок президент Каримов ага такай каршы чыгып келген. Бириккен Улуттардын өкүлү билдиргенге караганда, Каримов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, андай иликтөө жүргүзүүнү Баш катчы Кофи Аннан дагы сунуш кылган, бирок 25-май күнү өзбек сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Каримов андай сунуш болгон эмес деп билдирди. Анын айтымында, өз аймагындагы окуяга өзбек жетекчилиги өзү биринчи тергөө жүргүзүүгө укуктуу жана андан кийин гана чет өлкөлүк эксперттерди чакыруу мүмкүн.

Өткөн аптада өзбек президентинин саясатын белгилүү америкалык миллиардер Жорж Сорос дагы сынга алды. Укук коргоочулардын айтымында болсо, Анжияндагы демонстрацияга чыккан адамдарга каршы - НАТО жана АКШнын жардамы менен ишке ашырылган антитеррордук программалар алкагында машыккан өзбек аскерлери колдонулган.

XS
SM
MD
LG