Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер топтогон колду текшерүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президенттикке талапкер болгон Курманбек Бакиев менен Жыпар Жекшеев үчүн топтолгон кол коюуларды текшерип бүттү. Курманбек Бакиев үчүн тапшырылган 45721 адамдын колунун 10,15 пайызы, Жыпар Жекшеев үчүн берилген 1946 колдон 7,70 пайызы жараксыз деп табылды. Анткени аларда шайлоочулардын аты-жөнү толук жазылбастан, облуста жашабаган адамдар үчүн кол коюлган жана бирөөлөрдүн ордуна башкалар кол коюшкан. Жумушчу топ президенттикке талапкер болушкан кийинки сегиз адам үчүн толтурулган кол коюулардын аныктыгын изилдөө үчүн топтолгон колдордун үстүнөн бир бөлүгүн өзүнчө бөлүп алып текшерүүгө киришти. Облуста Курманбек Бакиевден кийин эң көп кол акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна жыйналган. Ал үчүн 25325, андан кийин мурдагы губернатор Жусупбек Шарипов үчүн 7950 кол кабыл алынган. Облуста участкалык комиссиялардын курамына талапкерлер көрсөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG