БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов Кыргыз өкмөтү кетирип жаткан мыйзам бузууларды териштирип берүүнү сурап, Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу бейшембиде билдирген депутат кайрылууну президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев чыгарган эки расмий документ менен байланыштырды. Алардын бири - Чегара кызматын коопсуздук кызматынын карамагына өткөрүп берүү тууралуу жардык, экинчиси -Соттук-эксперттик курам түзүү тууралуу буйрук. Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов депутаттын мындай дооматын негизсиз, документтер мыйзамдуу деп билдирди. Анын айтымында, маселен, акыркы буйрук сунуш иретинде, нааразы шайлоочулардын арыздарынын негизинде чыккан. Соттук-эксперттик комиссиянын курамын соттор өздөрү сунушташып, алар алтыокругдагы талаш-тартыштарга баасын берүү милдетин алышкан.