Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун маалыматы жокко чыгарылды


БИШКЕК. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов экс-президент Аскар Акаевге убагында 480 миң доллар акча берди деген маалыматы негизсиз. Бул тууралуу 1999-жылы президенттик администрация башчысы болуп иштеген Медет Садыркулов «Азаттык» радиосунун кабарчысына 2-июнда берген маегинде билдирди. Ошондой эле Медет Садыркулов жогорудагыдай акчанын кайсыл максатта чогултулгандыгына эч кандай тиешеси жок экендигин, мындай акча берилген мезгилде президенттик администрация башчылык кызматта иштебегендигин эскерттти.

Азимбек Бекназаров 1-июнда маалымат жыйын өткөрүп, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов убагында экс-президент Аскар Акаевге 480 миң доллар бергендигин, мындай маалыматты Сарбанов менен Садыркулов мойнуна алгандыгын журналистерге маалымдаган.

XS
SM
MD
LG