Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 11:05

Кулов, Эшимканов, Сарпашев Жогорку сотко келгендердин пикирлерин жокко чыгарышты


БИШКЕК. 1-июнда Жогорку соттун имаратын бошотуу ишин Феликс Кулов уюштурду деген дооматтар – жалган жалаа. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун мындай пикирин анын жардамчысы Руслан Чыныбаев «Азаттыкка» бейшембиде билдирди. Ушундай эле көз карашын Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов да айтты:

- Жөн эле дүрбөтүп атабыз. Куловдун, Текебаевдин тиешеси жок. Эшимкановдун кечээкилерге тиешеси жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев да тополоң уюштурду деген дооматтарды жокко чыгарып, мындай деди:

- Бул ушактын деңгээлиндеги эле сөздөр. Буга менин эч кандай тиешем да жок.

Жогорку cотту 22-апрелден бери ээлеп турган шайлоочулар тобу 1-июнда имараттан өздөрүн элдин өкүлү деп атаган жоон топ адамдар тарабынан күч менен чыгарылган. Бул иш чарага катышкандар тополоңдун уюштуруучуларынын катарында жогоруда аталган саясатчыларды санашкан.

XS
SM
MD
LG