Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

ЖОГОРКУ СОТ БОШОТУЛДУ, ТАРТИПТИ ОРНОТУУГА БӨЛҮНЧҮ 100 КҮН


Башкалаанын соңку жаңылыгы, акыры келип элдик кошуундун атынан келгендер Жогорку сот имаратын бошотушту. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өлкөдө тартип орнотуунун 100 күндүк программасын жарыя кылды. Кыргызстанда президенттик шайлоо камылгасы жасалууда. Жаңы бийликти мактоочуларга салыштырмалуу сындоочулар көп чыгууда.

Камыгып жаткан «Фемиданы акыры бошотушканын» бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Имаратты бошотууга келгендер менен аны ээлеп жаткандардын ортосундагы тиреш көпкө созулган жок. Жогорку сот имаратын бошотууга келгендер кыйладан бери мыйзамды сактачу бийликтин кайтарууда турганына нааразы болгонун жашырышкан жок, деп маалымдайт гезит кабарчысы Эльвира Темир.

Ушул эле басылма Кыргызстандын Башкы прокуратурасы буга чейин жасалган 100 күндүк иштин жыйынтыгын ачыкка чыгаргандыгын кабарлады. Кыргызстандан сыртка ташылып кеткен 2 тоннага бир аз жете бербеген алтындын тагдыры, он беш жыл ичинде алынган сырт карыздардын кайда кеткенин эми Эл аралык юридикалык компания териштирмекчи. Жаңы өкмөт келгенден бери текшерилген ишканалардын он тогузуна кылмыш иши козголду. 53 миллион сом бюджетке кайтарылып берилди.

Өкмөт башчы Курманбек Бакиев Австриянын баш калаасына жайгашкан Европадпгы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынына катышып сөз сүйлөгөнүн бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады. Премьер-министр ушу тапта Кыргызстан жеке бийликти орнотууга шарт түзбөштүн аракетин көрүп жатканын айтып, экономикалык жаңы саясатты жайылтууга куштар экенин, коррупциянын ооздугун тартуу, жаштарды башкаруу ишине көндүрүү демилгеси көтөрүлүп жатканын билдирген.

Австрияга иш сапар тууралуу жума күнкү «МСН» гезитинде Р.Приживойттун макаласы жарыяланды. Журналист Л.Жолмухамедова ушу тапта Кыргызстан кызык учурда жашап жатканы тууралуу кеп салат. Жаңы бийликти сындай баштаган Ф.Кулов өзгөрүлүп чыга келди. Өкмөттүк комиссиянын ишине ичи чыкпаган Эл аралык ишкерлер кеңеши мамилесин жумшарта баштады, деп белгилейт макала автору.

Жаңы бийликтин алгачкы аракети мурунку президенттин үй-бүлөсүнө, жакындарына тийиштүү дүйнө-мүлктү териштирүү түйшүгүнө байланып алды, деп жазат Ибрагим Рустамбек жума күнкү «Агым» гезитиндеги «Данияр Үсөнов – кыргыз экономикасынын күнү» деген макаласында. Автордун айтымында, эгер ушинтип кадалып А.Акаевдин өлүү дүйнөсүн казып отуруп алышса Кыргызстанга дегеле сырттан инвестиция келбейт. Жаңы өкмөттүн экономикалык саясаты тууралуу жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласы жарыяланды.

А.Акаев айыбын сезсе күнүгө Кудайдан кечирим сурап беш убак намаз окушу керек, дейт белгилүү ишкер Токтосун Мадияров «Улутунган эл, намазга жыгылчу Акаев жана Кетментөбө күйүтү» деген аталыштагы маегинде. Т.Мадияровдун пикири боюнча, Кулов менен Бакиев ынтымакка келип жигитчилик кылышты. Антпесе шайлоодо итжыгылыш болгон атаандаштардын ортосундагы талаш өрткө айланып кетиши оңой эле болчу.

Өкмөттүк маалымдоо каражаттарынын өз алдынча болушу ушу тапта кызуу талашка түшүүдө. Жума күнкү «Бишкек» таймс», «Кыргыз туусу» гезиттеринде мына ушул маселеге арналган макалалар жарыяланды. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров маалымдоо каражаттарынын акциясын чыгарып анын бир үлүшүн өкмөт, экинчисин эмгек жамаатына бериш абзел еген ойдо. «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев антпей эле өкмөттүк маалымдоо каражаттарына толук эркиндик бериш ылайык дейт. Адабиятчы Садык Алахан маалымдоо каражаттарынын эркиндиги салыштырмалуу түшүнүк, абсолюттук эркин маалымдоо каражаты жок, деген пикирде.

Жума күнкү «Аалам» гезитинде жарыяланган урунт макалалар тууралуу Аида Надырбекова айтып берет:

- «Курманбек Бакиев өтөт дешүүдө», «Башмыйзамыбыз идеалдуубу, же?» деген материалдар чыкты. Ошондой эле «Бийлик параличи дагыле уланууда», Жогорку сот имаратын бошотуунун артында ким турат деген суроого Анара Суракматова иликтөө жүргүзгөн.
XS
SM
MD
LG